Кыргызстанда айрым үй жаныбарларынын саны азайып кетти

Жазылуу
Анткен менен кээсинин саны тескерисинче алда канча өстү.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстан боюнча эшектин саны 4,2 миңге кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Кыргызстандагы үй жаныбарлары  2017-жылдын аягына карата саны  2018-жылдын аягына карата саны 
Ири мүйүздүү мал 1 575 434 1 627 296
Кой жана эчки  6 077 775 6 167 949
Чочко 52 169 51265
Жылкы 481 329 498 684
Үй канаттуусу  5 910 418 6 009 697
Төө 228 246
Эшек 33 144 28 941
Коен  25 384 27 677
Бал аарылар уюгу  111 690 118 996

Ошондой эле чочконун дагы саны азайганы айтылат. Мисалы, 2017-жылы өлкөдө 33 миң эшек болсо, 2018-жылдын аягында 29 миңи калган. Ал эми чочконун саны мурдагы жылга салыштырмалуу 900гө азайып, былтыр 51 миң башка түшкөн.

Тескерисинче кой, эчки, жылкы жана уйдун саны көбөйдү. Үй канаттууларынын дагы саны өсүп, 6 миллионго жетти (2017-жылы 5,9 миллион болгон).

Булардан тышкары бал аары, коен жана төөлөрдүн көбөйгөнү кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0