Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖизнь чабанов в Республике Алтай
Жизнь чабанов в Республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистика комитети региондордогу тамактануу боюнча өткөн жылдын тогуз айынын маалыматтарын топтогон.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Талас облусунун тургундары тоюмдуу тамактана турганын Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Аталган комитет региондордогу тамактануу боюнча өткөн жылдын тогуз айынын маалыматтарын топтогон.

"Кыргызстандыктар 2101ден жогору килокалорий жей турганы аныкталды (суткалык норма). Орто эсеп боюнча жарандар күн сайын 153 килокалорияга көп жешет", — деп айтылат маалыматта.

Рекорддук көрсөткүч Талас облусуна тийиштүү — 2529 килокалорий жешет. Ал эми эң суук делген Нарындын тургундары суткасына 2270 килокалория керектейт. Ош облусундагылар болсо, орто эсеп менен 1832 килокалория жейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0