8-мартта аба ырайы кандай болот. Кыргызгидрометтин маалыматы

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүСнег в Москве
Снег в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.

БИШКЕК, 3-март— Sputnik. Кыргызстанда 8-март күнү кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымат таратты.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11 градус болот.

Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүн көзү ачылбайт. Бир жумага карата аба ырайы
Таласта термометр түнкүсүн -2…+3тү, күндүзү 6…11 градусту көрсөтөт.

Жалал-Абад, Ош жана Баткенде облустарында түнү 0…+5, күндүзү +8…+13 градуска чыгат.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -2…-7, ал эми күндүзү +3…+8 градус болот. Нарын жергесинде суук күчүндө турат, тагыраагы түнү -11…-16, күндүзү 0…-5 градус болорун билдиришти.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо автожолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0