Кыргызстандыктар белокту аз жейт. Аймактардын рейтинги

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Исфана в Лейлекском районе Баткенской области
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир күндө 73 грамм белок жеш керек. Ал негизинен этте, сүттө жана буурчак түркүмүндөгү өсүмдүктөрдө болот.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар белокту жетиштүү түрдө жебейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Аталган мекеме аймактардагы тамактануу боюнча тогуз айдагы маалыматтарды топтогон. Ага ылайык, орто эсеп менен бир суткада бир адам 61,8 грамм белок жейт. Башкача айтканда, нормага 11,2 грамм жетпейт.

Кыргызстандын бардык аймактарында белокту нормага жеткире жешпейт. Ошто белок өтө эле аз желсе, Таластагы көрсөткүч башкаларга салыштырмалуу жогору. Ошентсе да алардын жеген белогу нормага жетпейт.

Этти эң көп жейт деген Нарын да рейтингде бешинчи орунда турат.

Белок адамдын ден соолугу үчүн эң маанилүү азык, ал мал, канаттуунун этинде, балыкта, сүттө жана буурчак түркүмүндөгү өсүмдүктөрдө көп.

Кыргызстандын кайсы аймагы калориялуу тамактарды жей турганын да айтканбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0