Кыргызстанда кыз-эркек дебей никеге кечирээк тура баштады. Статистика

Жазылуу
Статистика 2013-жылдан берки маалыматты камтыды.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жыл өткөн сайын кыргызстандыктар никеге кечирээк тура баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматынан улам билсе болот.

Маалыматка караганда, 2013-2017-жылдар аралыгында эркектердин никеге туруу курагы жарым жылга, аялдардыкы төрт айга өскөн.

Тагыраагы, 2017-жылы турмушка чыккан кыздардын орточо жашы 23,7 жашты түзсө, эркектер 27,1 жашында үйлөнө баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0