Акча каражаттары. Архив

Кыргызстандагы коррупциялашкан ведомстволордун тизмеси чыкты. Жарандык рейтинг

788
(жаңыланган 17:49 05.03.2019)
Бир жыл ичинде жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишеними төмөндөп кеткен.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет өткөн жылдын экинчи жарым жылдыгындагы маалыматтар боюнча калктын ишеним индексинин жыйынтыгын жарыялады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган комитеттин маалыматына таянып жогорку жана төмөнкү деңгээлде коррупциялашкан (жарандардын пикири боюнча) мамлекеттик органдардын графигин түздү.

Белгилей кетчү жагдай, индекс +100дөн -100гө чейинки баллдык шкала менен өлчөнөт.

Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков на встрече с жителями Сокулукского района Чуйской области
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кызыгы бир дагы мамлекеттик орган 40 баллдан жогору ала алган эмес. Инфографикага жергиликтүү органдар кирген жок.

Кыргызстандыктардын пикиринде көбүнчө бажы, укук коргоо, медицина жана жаза аткаруу тармактары коррупциялашкан. Бешинчи орунга Транспорт жана жолдор министрлиги кирди.

Белгилей кетчү жагдай, 2017-жылдын экинчи жарымынын жыйынтыгы боюнча рейтинг менен салыштыра келгенде баягы эле мамлекеттик органдар өз ордуларында калган. Болгону Транспорт жана жолдор министрлигинин ордуна Салык кызматы кирген.

Жарандар Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинде, Жаштар иши боюнча агенттикте, ӨКМде, Маданият министрлигинде, Дене тарбия жана спорт агенттигинде, Жергиликтүү башкармалык боюнча мамлекеттик агенттигинде коррупциялык иштер аз деп эсептешет.

788
Белгилер:
рейтинг, коррупция, Кыргызстан
Тема боюнча
Коррупцияга белчесинен баткан өлкөлөр аталды. Кыргызстан канчанчы орунда
Адвокат: ТЭЦти оңдоодогу 111 млн. долларлык зыян боюнча документ жок