Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве
Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 12-мартта республика боюнча күн ачык болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +10…+15, Талас облусунда +10…+12 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +6…+8, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы +10…+15 градуска чамалап бармакчы.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Ошто +12…+14, Бишкекте +13…+15 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0