Ноорузда күндүн көзү кандай болот. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Келе жаткан аптанын басымдуу бөлүгү жаан-чачындуу болору айтылды.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. 17-18-19-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы саатына 1-6 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй облусунда 18-мартта күндүз түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

19-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Подача отопления в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жылуулук кайсы убакта өчүрүлөт. Мэриянын жообу
20-мартта Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда аба ырайы бузулбайт.

21-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.

22-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

23-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0