Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл жээгиндеги кемелер. Архив
Ысык-Көл жээгиндеги кемелер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек менен Ош шаарларында күндүн бир топ жылый турганы айтылды.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү республика боюнча күн ачык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй облусунда +15…+20, Талас өрөөнүндө +17…+19 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көл жергесинде +8…+13 жана Нарын аймагында +7…+9 градус жылуу болот.

Күндүн табы Бишкек шаарында +17…+19, ал эми Ош калаасында +18…+20 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0