Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. 19-мартта республиканын айрым аймактарында жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Талас облусунда +14…+16 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +12…+14, Нарын өрөөнүндө +5…+7 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы +15…+20 градуска жетет.

Ош шаарында жаан жаап, +17…+19 градус жылуу болсо, Бишкек шаарында күндүн табы +16…+18 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0