Жаан жаайт! Бир жумага карата аба ырайы

© AFP / FEDERICO GAMBARINI / DPAДождь в Дюссельдорфе
Дождь в Дюссельдорфе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул март айынын акыркы жумасы.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, 24-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы айтылууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Жалал-Абадда жол тазалап жаткан эки кызматкерди кар көчкү басып калды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда жол тазалап жаткан эки кызматкерди кар көчкү басып калды. Видео
Ал эми 25-26-мартта жаан-чачын болбойт. 27-мартта кээ бир райондордо жаан жаайт. 28-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Апта соңунда, 29-30-мартта, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. Бирок жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонууда.

Бишкек, Ош шаарларында жекшембиде мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0