Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй облусунда +16…+21, Таласта +16…+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22 градус, Нарын аймагында +10…+12 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +18…+20, Бишкекте +16…+21 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0