Жалал-Абадда жер титиреди

Жазылуу
ӨКМден жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын кабарлашты.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдашты.

"26-март күнү саат 08:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Сузак районунун Саты, Таран-Базар айылдарында 3 баллга, Кара-Чолок, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 ал эми Сары-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМден жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0