ID-карта менен жалпы жарандык паспорттун жаңы баалары. Тизме

Жазылуу
Документтердин жаңы баасы 12-марттан тарта киргизилген.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстанда паспорттордун акчасын жаңы баа төлөп, алуу башталды. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

12-марттан тарта Монополияга каршы иш алып баруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жаңы буйругунун негизинде паспорт алууда төлөй турган акчанын жаңы баасы киргизилди.

Чет өлкөгө чыга турган паспортту тез арада алуунун баасы:

  • 8 күн — 1 970 - 2 170 сом;
  • 4 күн — 2 250 - 2 450 сом;
  • 2 күн — 2 580 - 2 780 сом;
  • 3 саат — 6 190 - 6 390 сом.

Калгандары:

  • алмаштыруу — 530 сом;
  • биринчи алган жарандар үчүн — 530 сом;
  • жоготуп же бузуп алса — 730 сом;
  • аты-жөнүн өзгөртсө — 630 сом;
  • этникалык кыргыздарга — 530 сом.

ID-картаны тез арада алуунун баасы:

  • 8 күн — 1 030 -1 060 сом;
  • 4 күн — 1 340 -1 370 сом;
  • 2 күн — 1 630 -1 660 сом;
  • 3 саат — 4 270 - 4 300 сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0