Төрт күн калды. Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга үлгүрүп калыңыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовБирдиктүү салык декларациясы. Архив
Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч күн бою Мамлекеттик салык кызматы түн ортосуна чейин иштейт.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуу 1-апрелде да жүрө турганын Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, буга чейин декларацияны март айынын аягына чейин тапшыруу керектиги айтылган. Бирок 31-март жекшемби күнгө туура келгендиктен БСДны 1-апрель, дүйшөмбү күнү да кабыл алуу чечими чыккан.

Бул убакыт аралыгында Салык кызматы түн ортосуна чейин иштейт.

Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан
Бирдиктүү декларация кантип толтурулат. Салык кызматы көрсөтүп берди
2-апрелде саат түнкү 12:00дө жеке тараптардан бирдиктүү салык декларациясын алуу токтойт.

Бул күнгө чейин кимдер БСД тапшырууга милдеттүү:

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

Жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

Машина, турак жай, жер тилкеси, айыл чарбасына ээлик кылгандар.

Декларацияны убагында тапшырбагандарга 1000 сом айып салынат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 194 бирдиктүү номери аркылуу жана Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0