Апрелдин алгачкы күнү кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы Панфилов атындагы паркы. Архив
Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-марттан 3-апрелге чейин тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 31-мартта күндүз жана 1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, 1-апрелде күндүз жана 2-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Ал эми 2-апрелде күндүз жана 3-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелде кошумча эс алуу күндөрү болобу? Токтом
3-апрелде күндүз тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

4-5-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүп, абанын температурасы төмөндөйт.

Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, 31-марттан 3-апрелге чейин тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0