Бүгүн салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

Жазылуу
Салыкчылар дүйшөмбү күнү түн ортосуна чейин иштейт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бүгүн, 1-апрель — Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү экенин Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан
Бирдиктүү декларация кантип толтурулат. Салык кызматы көрсөтүп берди
Салыкчылар дүйшөмбү күнү түн ортосуна чейин иштейт.

Ага чейин БСДны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, патент менен иштегендер, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү бар жеке тараптар, юридикалык жак түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга тийиш.

Декларацияны убагында тапшырбагандарга 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер айыпка жыгылгандан сырткары аты-жөнү жарыяланып, иши прокуратурага өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0