Шашылыш билдирүү! Кайрадан нөшөрлөп жаан жаайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандын кээ бир аймактарында 4-6-апрель күндөрү нөшөрлөп жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Долгожданные брызги фонтана - Sputnik Кыргызстан
Сары кар жаабайбы? Апрелге карата аба ырайы
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Ошондой эле күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 80-130-чакырымдарында, Казарман — Актал-Чат жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу участкасы), Каракол — Эңилчек жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0