Кыргызстанга келген Путинди Жээнбеков кантип узатты. Фотофакт

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келип кетти.

КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сыдыков: Россия менен болгон мамиле жаңы деңгээлге чыкты
Визиттин алкагында Бишкекте кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференция өтүп, анын жыйынтыгында жалпы суммасы 6 миллиард 135 миллион долларлык 53 документке (келишим, контракт, меморандум жана жол картасы) кол коюлган

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге аргымак жана тайган белек кылды.

Өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Россиянын президенти мамлекеттик сапарынын соңунда "Жеңиш" аянтындагы өчпөс отко гүлчамбар койгондон кийин кечинде Бишкектен учуп кеткен.

Жарыяланган сүрөттөн Россия президентин "Манас" эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбеков өзү узатканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0