Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-апр.— Sputnik. Бейшемби күнү, 4-апрелде, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Таласта +13…+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +14…+19 градус жылуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын аймагында +11…+16 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +16…+18 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0