Кыргызстандын эли 188 кишиге көбөйдү

Жазылуу
Жарандык алгандардын көбү этникалык кыргыздар.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызcтандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу боюнча эки Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Биринчи документке ылайык, 636 адам КР жарандыгын алды. Алардын 538и — чоң адамдар, 98и — балдар. Булардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ал эми экинчи Жарлык боюнча 448 адам жарандыктан чыкты. Алардын 365и — чоң адамдар, 83ү — балдар болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0