Кыргызстанда 25 миң бала электрондук кезек менен бакча босогосун аттады

Жазылуу
Долбоор ишке аша баштагандан тарта жалпы 46,5 миң бала катталса, бүгүнкү күндө 21,8 миң чүрпө кезекте турат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларында 24,7 миң бала электрондук кезек менен бакча босогосун аттады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, "Бала бакчалардагы электрондук кезек" долбоору Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2017-жылы иштелип чыгып, Бишкек, Ош шаарларында 2018-жылдын март айынан тарта иштей баштаган.

"Долбоор ишке аша баштагандан тарта жалпы 46,5 миң бала катталса, бүгүнкү күндө 21,8 миң чүрпө кезекте турат", — деп жазылат маалыматта.

Баланы бакчага электрондук кезек менен киргизүү үчүн ата-энелер balabakcha.edu.gov.kg сайтына кирип, бош талааны толтурат. Кезекке туруунун жол-жобосун кененирээк төмөнкү материалдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0