Жумага карата аба ырайы

© AFP / Tobias SCHWARZ / dpaШамалдан кулаган дарактын бутактары. Архив
Шамалдан кулаган дарактын бутактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 12-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр төгүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Весна в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Алдыдагы апта дагы жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Талас облусунда +13…+18 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +12…+17 жана Нарын өрөөнүндө +13…+18 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +17…+22 градуска жетет.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы Ошто +19…+21, Бишкекте +17…+19 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0