Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Баткен. Баткенская область
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 13-апрелде өлкө аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

 Ошто Сулайман-Тоонун этегинде миңдеген кызгалдактар гүлүн ачты - Sputnik Кыргызстан
Сулайман-Тоонун этегинде кызгалдактар гүлдөдү. Ажайып сүрөттөр
Маалым болгондой, Чүй облусунда абанын температурасы +18…+23, Таласта +16…+21 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын өрөөнүндө +15…+20 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы +19…+24 градуска көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы эки калаада тең +19…+21 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0