Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Бишкек жана Ош калааларында күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 14-апрелде жалпысынан жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас облустарында абанын температурасы +20…+25 градуска чыгат.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө күндүн табы +15…+20 градуска көтөрүлөт.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында термометр +23…+28 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош калааларында күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрди түзөт.

Абанын температурасы Ош шаарында +24…+26, ал эми Бишкекте күндүн табы +23…+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0