Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймактарында нөшөрлөп жаан жаайт

© AFP / FEDERICO GAMBARINI / DPAКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 19-20-апрель күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0