Агрардык университеттин 24 сотых жери эмнеге талашка түштү? Чоо-жайы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жер тилкени жеке тараптар мэриядан 2022-жылга чейин ижарага алган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 24 сотых жерин жеке тараптар талашууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган окуу жайдын проректору Алмазбек Иргашев билдирди.

Анын айтымында, ал тилкени ЖОЖ питомник катары пайдаланып, студенттер практикалык сабактарын өтүүдө колдонуп келген.

"Биздин питомник бир гектарга чукул жерди ээлейт. Ал жакта бак-дарак, өсүмдүктөрдү тигип, ошол жерден эколог, агроном, багбан, токойчуларды даярдап келебиз. Жекшемби күнү анын 24 сотых бөлүгүн жеке тарап тосуп алган. Биз ага чейин эле шаардык прокуратурага кат менен кайрылганбыз. Көрсө, мэрия аны бала бакча салуу үчүн бир жоопкерчилиги чектелген коомго ижарага берип жибериптир. Андай болбойт да, карта боюнча ал тилке биздин университетке карайт", — деди Иргашев.

Борбор калаадагы Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги ал тилкенин жалпы аянты 95 сотых.

Строительство жилых домов в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Түштүк магистралдагы паркта жүргөн курулуш мыйзамдуубу? Бийликтин жообу
Ал эми мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарган Бакай Турдугулов жаралган көйгөй боюнча буларды айтты.

"Шаардык прокуратурадан 9-апрелде буга чейин түзүлгөн эки тараптуу келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу боюнча кат келген. Биз ижарага алгандарга бир айлык мөөнөт бердик. Алар 2017-жылы 24 сотыхты беш жылга алышыптыр. Талашка түшкөн жер муниципалитетке карайбы же окуу жайга таандыкпы, учурда ушул маселени тактап жатабыз", — деди Турдугулов.

Жерди 2022-жылга чейин алгандар жылына мамлекетке 350 миң сом төлөп, ал жерге бала бакча курууну пландашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0