Былтыр террордук маанайдагы маалымат жазып жабылган сайттардын саны айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаблокированные сайты в КР
Заблокированные сайты в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокурор Жамшитов мекеменин 2018-жылда жасаган иши боюнча отчет берди.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Башкы прокуратура 2018-жылы экстремисттик жана террордук маалыматтарды тараткан интернет булактарын жабуу жөнүндө 31 доо арыз келтирген. Натыйжада соттор тарабынан 139 интернет сайтына жана 220 интернет баракчасына тыюу салынган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Аккаунту популярдуулар тетири сүйлөсө, дароо жолугабыз. Киберкоопсуздук тууралуу
Жетекчи башкы көзөмөл органдын 2018-жылдагы жасаган иши боюнча Жогорку Кеңеште отчет берип жатат.

Жамшитов ошондой эле улуттар аралык касташуу жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча прокуратура органдары тарабынан 490 мыйзам бузуу аныкталып, алар боюнча 108 сунуш, 30 талап, 22 мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө эскертүү келтирилгенин айтты.

Андан сырткары, прокурордук актылардын негизинде тартиптик жоопкерчиликке 119 кызмат адамы тартылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0