Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-апр.— Sputnik. 18-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +20…+25 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө +13...+18, Нарын аймагында +14…+19 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Ошто +22…+24, Бишкекте +21…+23 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0