Жаан жаайт! Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / LOIC VENANCE Непогода в Нанте. Франция
Непогода в Нанте. Франция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү көпчүлүк жерлерде жаан жаайт.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. 20-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Күндөн коргонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айында аба ырайы кандай болорун синоптиктер билдирди
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мертден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +14…+19 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көлдө +15…+20, Нарын жергесинде +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы Ошто +21…+23, Бишкекте +17…+19 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0