Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо катуулап 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 20-апр.— Sputnik. Кыргызстандын аймагынын көпчүлүк аймактарында 21-апрелде жамгыр жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.

Күндөн коргонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айында аба ырайы кандай болорун синоптиктер билдирди
Чүй облусунда абанын температурасы +12…+17, Таласта +11…+16 градуска жетет.

Ысык-Көлдө күндүн табы +15…+20 градуска көтөрүлсө, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы +17…+22 градуска жогорулайт.

Бишкек жана Ош калааларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ош шаарында секундасына 4-9 метрди түзөт. Ал эми Бишкекте шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Ош шаарында +18...+20 градус болот. Бишкекте күндүн табы +15…+17 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0