Шаршембиге карата аба ырайы

© AFP / Tobias SCHWARZ / dpaШамалдан сынган бутактар. Архив
Шамалдан сынган бутактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршембиде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 24-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Талас облустарында +12…+17 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +13…+18 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көлдө +11…+16, Нарын облусунда +13…+18 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы +15…+17 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0