Жумага карата аба ырайы

© AFP / SPENCER PLATTКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 25-апр.— Sputnik. 26-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Таласта +8…+13 градус жылуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө күндүн табы +9…+14 градуска чейин жылыйт.

Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы +11…+16 градуска жетет.

Бишкек жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Ош шаарында +14...+16 градус болсо, Бишкекте күндүн табы +13…+15 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0