Кара жумушчу. Архив

Кыргызстан кайсы адистерге муктаж? Бүтүрүүчүлөр үчүн рейтинг

845
(жаңыланган 19:08 26.04.2019)
Учурда өлкөнүн эмгек базарында суроо-талап күч болуп жаткан адистиктердин сап башында тигүүчү, дарыгер, мугалимдер турат. Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тизмектеп берүүнү эп көрдү.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 5000ден ашык жумуш орундары бош турат. Алардын басымдуу бөлүгү саламаттык сактоо, билим берүү, жеңил өнөр жай тармактарында эмгектенчү жумушчулар.

Министрлик аталган рейтингди жеке ишкана, мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча ар үч ай сайын чыгарып турат. Анын негизинде кесиптик окуу жайлар менен ЖОЖдорго аталган адистиктерге көбүрөөк басым жасоо сунушталат.

845
Белгилер:
рейтинг, суроо-талап, кесип, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда жана КМШда орточо айлык канча? Статистика
Кыргызстанга зарыл, бирок жок кесиптер. Кайсы тармак эмнеден аксайт?
Кыргызстандагы жогорку маяналуу 10 кесип
Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

Мурда милиционерди өлтүргөн кылмышкер эки адамды атууга шектелип кармалды

24
(жаңыланган 11:56 05.12.2020)
Кармалган жаран буга чейин милиция кызматкерин өлтүргөнү үчүн соттолуп абакта 11 жыл отуруп, былтыр эркиндикке чыккан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында милицияга чакыруу түшүп, Ново-Николаевка айылындагы кафеде 22 жаштагы жигитти белгисиз жаран атып кеткени белгилүү болгон. Ал аймактык ооруканага жаткырылган. 

В Жайыльском районе по подозрению в хулиганстве задержан член ОПГ, ранее судимый за убийство милиционера
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Андан башка дагы бир 22 жаштагы жаран ошол эле кафеде ок жегенин айтып милицияга арыз жазган.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен КЖБРге катталган.

"Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмышкердин изине түшүп жакынкы имараттардагы бардык видеобайкоолорду карап, күбөлөрдү суракка алган. Натыйжада шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 34 жаштагы Б.М. аттуу жаран экени аныкталды. Андан соң ал кармалып Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдиришинче, кармалган жаран 2008-жылы Жайыл райондук милициянын кызматкери Эркин Жолдошбек уулун өлтүрүп, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал абактан 2019-жылы чыгып, кайра кылмышка барганы белгиленет.

Азыркы тапта тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

24
Белгилер:
милиция, уюшкан кылмыштуу топ, кармоо, шектүү, Жайыл району
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Качып кетип Москвадан кармалган кыргызстандыктар. Сүрөт
Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады
Коронавирустан каза болгон бейтап. Архивдик сүрөт

Коронавирустан дагы беш киши каза тапты. Баары Бишкектен

11
(жаңыланган 11:43 05.12.2020)
Бүгүнкү күндө өлкө ооруканаларында 2 616 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 110 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. COVID жуктуруп ооруканада дарыланып жаткан беш киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта көз жумгандардын баары Бишкекте экени айтылат.

Ушуну менен оорудан мерт болгондордун саны 1 290го жетти.

Бүгүнкү күндө стационарда 2 616 бейтап жатат. Алардын 29унун абалы канааттандырарлык экени маалым болду. 1 821 киши орто оордукта, 656 адам оор абалда, ал эми 110 кишинин абалы өтө оор деп баалануда. 

3 515 бейтап үйүнөн дарыланып жатат.

11
Белгилер:
оорукана, Бишкек, стационар, өлүм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар. Соңку маалымат