Кыргызстанда үшүк жүрүп, суу ташкындайт

© Sputnik / Табылды КадырбековРозы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке
Розы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн сууктайт.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 27-28-апрель күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде күн -1…-3 градуска чейин сууктап үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Андан сырткары, 26-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Күндөн коргонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айында аба ырайы кандай болорун синоптиктер билдирди
Ошондой эле 26-апрелден 28-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы, Көчкүлү-Булак кар көчкү тилкеси) жана Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 75-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткү жана кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Андыктан, жолдор тоңуп тайгак болот. Айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектиги эскертилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0