Дагы жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Дмитрий Паршин / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймагынын ичинен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда 28-апрелде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшүп, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ал эми 29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

30-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

Розы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда үшүк жүрүп, суу ташкындайт
30-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

1-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт.

2-майда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.

3-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда да ушундай эле аба ырайы болот.

3-майда күндүз жана 4-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0