1-майда автопарад өтөт. Эл компаниялардын азыгынан көчөдөн ооз тиет

Жазылуу
Шаардыктар жергиликтүү компаниялардын жасаган тамак-аштарынан даамдап көрөрү айтылды.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Борбор калаада 1-майда жергиликтүү компаниялардын продукцияларынын автопарады өтөт. Бу туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев ар башка ишканалардын 30-40ка жакын автоунаасы шаардын көчөлөрүн аралап өтөрүн айтты.

Здание Кыргызского Национального драматического театра в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Май айында Кыргыз драма театрында коюла турган спектаклдер. Тизме
Автотранспорттор желектер жана компания өзү чыгарган азыктардын макеттери менен кооздолот.

Колонна жүрүшүн Шопоков көчөсүнөн (Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн аймагы) саат 11:00дө баштайт.

Маршрут Абдрахманов, Түштүк магистраль, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Курманжан датка, Чүй проспектиси менен өтүп, баш-аягы 1,5 саатка созулат.

Иш-чаранын аягында шаардыктар өндүрүшчүлөр менен көзмө-көз сүйлөшүп, кызыккан суроолорун берип, ал тургай азык-заттардан ооз тие алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0