Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. 2-майда Чүй, Талас өрөөндөрүнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майдын алгачкы күнүндө жамгыр жаайт
Билдирүүгө ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +14…+19 градуска жетет. Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө күндүн табы +13…+18 градуска көтөрүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунда абанын температурасы +16…+21 градусту түзөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Ош калаасында +19…+21 градуска жетсе, Бишкекте күндүн табы +17…+19 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0