Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги Бишкекте да белгиленип, көргөзмө ачылды

Жазылуу
Уюштуруучулар карикатура сынагын өткөрүү менен кыргызстандык журналисттер арасындагы тилектештикти бекемдөө максаты коюлгандыгын айтышты.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Бишкек гуманитардык университетинде "Сөз эркиндиги карикатурачынын көзү менен" деп аталган республикалык сынакка катышкан авторлордун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Бул туурасында "Журналист" коомдук бирикмесинен кабарлашты.

"Максат — сөз эркиндиги жаатындагы маселелерге коомчулуктун назарын буруу жана КР журналисттеринин арасындагы тилектештикти бекемдөө болчу. Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек келип түштү. Авторлордун катарында кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар карикатура өнөрүнө кызыккан ышкыбоздор да бар", — деп айтылган маалыматта.

Эмгектерди медиа уюмдардын 6 өкүлү жана белгилүү кесипкөй сүрөтчү — КР Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалай Усубалиев кирген калыстар тобу баалаган.

Россиялык фотожурналист Владимир Песня - Sputnik Кыргызстан
Фотоаппаратсыз эле кантип жакшы сүрөт тартууга болот? Россиялык фотографтын кеңеши
Ушул эле иш-чарада жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталып, аларга сыйлыктар тапшырылды.

1-орунду "Сөз эркиндиги" карикатурасы үчүн Руслан Валитов алса, 2-орун "Мамлекеттик ЖМКлар" карикатурасы үчүн Михаил Томиловго ыйгарылды. 3-орунду "Гүлдөрдүн тили" карикатурасы үчүн Перизат Турдубекова ээлеген.

Булардан башка дагы сегиз катышуучуга дипломдор жана кызыктыруучу баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0