ИИМ: кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткандар 2,5 жылга кесилет

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирүүдө акыркы убакта мессенджерлер аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу чындыкка дал келбеген кабар тараткан учурлар көп кездешип жатканы белгиленет.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыла турганын Ички иштер министрлиги эскертти.

"Акыркы убакта мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар көбөйдү. Мындай билдирүүлөр коомдо резонанс жаратып, калкты адаштырат", — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды тараткандар Кылмыш жаза кодексинин 366-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу) ылайык жазага тартылып, кара жумушка кесилип же 7500 сомдук айыпка жыгылат. Болбосо 2,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Министрлик буга окшогон фактыга күбө болгондорду 102 кызматы аркылуу ички иштер органдарына кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0