Төрт күндүк дем алышта аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы аскердик парады. Архив
Ала-Тоо аянтындагы аскердик парады. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул айдагы майрамдарга байланыштуу жумушчулар төрт күн катары менен эс алат.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызгидромет 9-10-11-12-май күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун таратты.

Ала-Тоо аянтындагы парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат
Билдирүүгө ылайык, 9-10-майда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын ылдамдыгы 6 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +23…+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +25...+30, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө жана Нарында +20...+25 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.

Ал эми 11-12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Эске сала кетсек, 9-май бейшемби күнгө туура келип, дем алыш күн болуп саналат. Ал эми 5-май жекшембиге туура келгендиктен 10-майга (жума) жылдырылган. Ал эми 11-12-май ишемби, жекшемби күндөрү болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0