Автоунаа базары. Архивдик сүрөт

Быйыл Кыргызстанда унааны өз атына каттаткандардын саны эки эсеге көбөйдү

136
(жаңыланган 16:08 07.05.2019)
Айдоочулардын унааны өз атына каттатуусунун бирден-бир себеби - "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. 2019-жылдын биринчи кварталында автоунааны сатып алууда алгачкы каттатуунун саны 1,6 эсеге, кайра каттатуунун саны 2,1 эсеге өстү. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Тагыраагы, 2018-жылдын биринчи кварталында 9169 унаа Кыргызстанда алгачкы ирет катталса, быйылкы жылы бул көрсөткүч 14 969га жетти.

Ал эми кайра каттаткандар андан дагы көбүрөөк. Мисалы, 2019-жылдын январь-март айларында 82 812 айдоочу ишеним каттан баш тартып, темир тулпарды өз атына жаздырган. Былтыркы жылдын ушул айларында мындай кадамга 39 290 гана адам барган.

"Айдоочулардын унааны өз атына каттатуусунун бирден-бир себеби - "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши. Мындан тышкары, автону каттатуу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү кампаниясы дагы таасир этти", — деп айтылат билдирүүдө.

Машинасы өз атында болбосо, ээси айып пул салынганын билбей, убакытты өткөрүп жүрө бербеши үчүн эмне кылышы керектигин ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Оторов айтып берген.

Эске салсак, Бишкекте "Акылдуу шаар" долбоорунун бир бөлүгү болгон "Коопсуз шаар" ушул жылдын 12-февралынан тарта ишке кирген. Анын биринчи этабын "Вега" компаниясы 12-майда аяктары айтылууда.

Ушул тапта Бишкек шаары боюнча 32, Чүй облусунда 19 камера иштеп жатат.

136
Белгилер:
каттоо, унаа, Коопсуз шаар, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Бишкекте "Коопсуз шаардын" дагы 9 камерасы ишке кирет. Көчөлөрдүн тизмеси
Коопсуз шаар: айдоочулар кайсы эрежени көп бузууда? Статистика