Балмуздак жеген кыз. Архивдик сүрөт

Мындан ары күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

1597
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Келе жаткан аптада Кыргызстандын көпчүлүк аймактарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши ыктымал. Мындай божомолду Кыргызгидрометтен билдиришти.

12-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.

13-майда ушундай эле аба ырайы сакталат. Болгону жаан Ысык-Көл өрөөнүндө гана жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

14-майда күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

15-16-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунан башка аймактарда жаан жаайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

17-18-май күндөрү дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

1597
Белгилер:
апта, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кадамжайдын Чаувайында 12 бүлө чатырга көчүрүлдү. Сүрөттөр
Колл-центрдин ишкери. Архив

Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрыласыз? Министрликтин жообу

4
(жаңыланган 10:38 27.09.2020)
Республиканын башка аймактарында мурункудай эле 118 кызматы иштеп, кайрылган жарандарга жардам көрсөтө беришет.

Бишкек, 27-сент. — Sputnik. Бишкектин төрт районундагы бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлоруна коронавирус жуктуруп алгандар үчүн ыкчам кызмат бекитилет. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгындагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, республиканын башка аймактарында мурункудай эле 118 кызматы иштеп, кайрылган жарандарга жардам көрсөтө берет.

“Коронавирус жуктурган жарандарга кызмат көрсөтүү үчүн Бишкек мэриясынын алдындагы Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын негизинде уюштурулган 118 кызматында көбүнчө ыктыярчылар иштеп жатышкан. Азыр абал турукташкандыгына байланыштуу бул кызматты шаардагы райондордун бириктирилген үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна бекитип берүү боюнча буйруктун долбоорун иштеп чыктык. Бирок аты өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми аймактарда 118 кызматы мурункудай эле иш алып барат. Ошондой эле бейтап ар бир медициналык мекеменин ишеним телефондоруна чалса болот”, — деди Ибраева.

Министрлик баштапкы протокол менен азыркы протоколдун айырмачылыгын айтып берди

Ал эми вирус жуктуруп алгандар жашаган дареги боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборлорго барып ийне же тамчылатма ийне сайдыра алышат.

“Азыр кайрылган бейтаптарга ийне, тамчылатма ийне саюу жагын тартипке келтирип жатабыз. Жайында оор эпидемиологиялык кырдаал учурунда ар ким дарыканадан өз алдынча алган дарысын эле сайдырган учурлар көп болгон. Азыр бардыгы дарыгердин көрсөтмөсү менен жүрөт”, — деди ал.

Учурда күзгү жана кышкы эпидемиологиялык абалды алдын алуу максатында Бишкек шаардык мэриясы бириктирилген медициналык борборлордун жетекчилери менен биргеликте күндүзгү стационарды ачууга даярдык көрүү иштерин алып барып жатышат.

4
Белгилер:
коронавирус, стационар
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вирусолог: пандемияны биринчи, экинчи толкун деп бөлүүнүн кажети жок
Бишкектеги Курманжан-Датканын эстелиги. Архивдик сүрөт

Кар жаап, суук түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы

161
(жаңыланган 09:16 27.09.2020)
Синоптиктер кийинки жума жаанчыл болорун болжоп, көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолорго кар жаай турганын билдирди.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.

Бишкек шаары

Дүйшөмбү күнү бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Шейшембиде күн ачык болот. Бирок шаршембиде күндүн көзү бузулуп жамгыр себелейт, кайра бейшембиде жаан токтой турганы айтылды.

Чүй, Талас облустары

28-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал, Талас облусунда күн ачык болот. Күндүзү Чүй облусундагы кээ бир аймактарга, Талас облусунда тоо этектерине жаан жаайт. Ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот.

29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр төгүп, тоолорго кар жаашы күтүлөт. Күндүзү тоолорго кар түшүшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда аба ырайы бузулбайт. 

30-сентябрда жана 1-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт.

28-сентябрь күнү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши божомолдонду.

Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу аймактарына кар жаайт. Өрөөндөрдө күн ачык болот.

29-30-сентябрда жана 1-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

28-сентябрда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусу

Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин облустун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жамгыр, тоолорго кар жаайт.

Ал эми Чолпон-Ата менен Каракол шаарларында 28-сентябрда күн ачык болот, 29-сентябрда түндөсү жамгыр жаап, күндүзү токтойт.

30-сентябрь жана 1-октябрь күндөрү жамгыр себелейт. 

Электр энергиянын жоготууларын эсептеген 3 млн. долларлык долбоор ишке ашууда

Нарын облусу

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, бирок күндүзү жана 29-сентябрда айрым жерлерде жаайт.

30-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолорго кар түшөт.

30-сентябрда күндүз жана 1-октябрда кээ бир райондорго жамгыр, тоолорго кар жаайт.

Апта аягы 2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт.

3-октябрда кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

161
Белгилер:
Кыргызстан, аймак, кар, жамгыр, тоо, аба ырайы
Тема боюнча
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары