Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 13-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши болжолдонууда.

Палящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары - Sputnik Кыргызстан
Мындан ары күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Таласта +21…+26 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө күндүн табы +16…+21 градуска көтөрүлсө, Нарында +17…+22 градуска жетет. Ош жана Жалал-Абад облусунда абанын температурасы +25…+30 градус жылуу, ал эми Баткенде күндүн табы +27…+32 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Бишкекте +24…+26 градуска жетсе, Ошто +26…+28 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0