Министрлик ординатурага тапшыруу талабын катаалдатууну сунуштады

© Sputnik / Борис Ушмайкин / Медиабанкка өтүүСтуденты Киргизского медицинского института
Студенты Киргизского медицинского института - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү норманы өкмөттүн "КРдин медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө" токтомуна киргизүү сунушталган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги ординатурага тапшыруу эрежелерин татаалдаштырууну сунуштап жатат.

Открытие клинического госпиталя «Мать и дитя» в Самаре - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы менчик клиникалар эмне болот? Депутат маанилүү мыйзам жөнүндө
Тиешелүү норманы өкмөттүн "КРдин медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө" токтомуна киргизүү сунушталган.

Министрлик бүтүрүүчүлөргө ЖОЖдон окуган адистиги боюнча гана ординатурага тапшырууга уруксат берүү керектигин белгилейт. Азыркы тапта кайсы факультетти бүткөнүнө карабастан дарылоо адистигине тапшырууга кызыккандар көп. Бул ага чейин окуп даярданган программа менен дал келбейт.

Ординатура — экиден беш жылга чейинки мөөнөт менен адистештирилген жана дипломдон кийинки тереңдетип билим алуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0