Тоолуу аймактарга кар жаайт. Бир аптага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Келе жаткан аптада Кыргызстандын көпчүлүк жерлеринин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жана кар жаашы күтүлүүдө. Жуманын ортосунда аймактарда күн ачык болот. Мындай божомолду Кыргызгидрометтен билдиришти.

19-20-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Жара в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнга карата аба ырайынын божомолу
21-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-майда күндүзү жана 23-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

23-майда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде аба ырайы бузулат.

24-25-майларда дагы тоолуу аймактар жаан-чачындуу болот. Абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0