Кар жана мөндүр... Министрлик шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Дмитрий Паршин / Медиабанкка өтүүМөндүр. Архив
Мөндүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болору кабарланды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстанда 22-23-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшүшү күтүлөт. Кээ бир тоолуу райондордо, тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

"Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу нөшөр күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Күндүн суукташы менен катар эле Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болору кабарланган.

Мындай аба ырайы айыл чарба, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иштерине терс таасирин тийгизет. Андан сырткары, жайлоолордо мал кармоону кыйындатары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0