Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
26-майда республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өлкө аймагында 26-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы ыктымал. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу болжолдонууда.

Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан
Адис: Сары-Челек коругуна элди киргизбеш керек
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21... +26, Таласта +18 ... +23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22... +27 градус ысык болот. Ал эми Ысык-Көл аймагында жана Нарын жергесинде күндүн табы +15... +20 градуска көтөрүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы Ошто +24...+26, борбор калаада +23 ...+25 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0