Бейшембиге карата аба ырайы

CC BY 2.0 / Vanerpaddel / HailПоследствия града
Последствия града - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. 6-7-июндарда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Сезонное отключение горячей воды - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу кайра өчүрүлөт. Себеби
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Мындай туруксуз аба ырайынан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

Абанын температурасы Чүй жергесинде +24...+29, Таласта +23...+28, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын аймагында +17... +22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы +27...+29 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0