БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) айдоочуларга жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк берүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу МККнын төрагасы Алмаз Мамбетов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдирди.
Жаңы күбөлүктөрдө коргоо деңгээли азыркыга караганда бир кыйла жогору болот.
"Алардын баасы эки эсе арзан. Буга чейин бул иш менен жеке компания иштеп келген болсо, эми ал иштин баары Мамлекеттик каттоо кызматына өтөт", — деди Мамбетов.
Долбоор ишке ашырылып жаткан маалда биринчи жолу алып же эски күбөлүгүн алмаштырып жаткандарга убактылуу документ берилет.Мамбетов, андан сырткары, калкка кызмат көрсөтүү борборлорун, маалыматтарды санариптештире турган жайларды куруу пландары боюнча маалымат берди. Ошону менен бирге жаңы үлгүдөгү мамлекеттик документтерди ишке киргизүү боюнча пландарын айтып берди.
БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев аталган аймактын башчысы болгум келет деген маалыматты төгүндөдү.
Эскерте кетсек, мындай кабар жергиликтүү ЖМКлардын бирине жарыяланган. Өз оюн Жапыкеев Facebook баракчасына билдирди.
"Биринчиден, мени эл, облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алды. Буюрса, аймактын маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин. Өзүмдүн эле жумушум жакшы. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн иштесек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын да чеги болот. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса, көлдү тегеренип, эл менен жолугабыз. Алардын көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен кошо угабыз", — деп жазган ал.
Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.
Кийин ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Жапыкеев буга чейин аталган тармакта эмгектенген, Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Бишкек баатырдын эстелиги ачылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров эстеликтин тургузулушу шаар тарыхында маанилүү окуя экенине токтолуп, Бишкек баатыр тууралуу айта кетти.
"Кыргыздын солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон. Оозеки жана документалдык булактарга караганда, Бишкек баатырдын сөөгү жашырылган жер "Пишпек-Ата коргону" аталып, ал жер калайык-калк сыйынган ыйык жайга айланган. Тегерегине акырындап эл уюп, отурукташкан журт байырлап, процесс токтобой уланып отуруп, акыры чоң шаар калыптанды", — деди президент.
Өлкө башчы кыргыз эли душмандар менен катуу салгылашып турган XVII–XVIII кылымдарда Бишкек баатыр эрдиги менен таанылганын кошумчалады.
Сөзүнүн аягында ал борбор калаанын көркүн арттыруу үчүн бүгүн көптөгөн иш-аракеттер жүрүп жатканын, шаар жасалгасы дагы бир эстелик менен толукталганын белгиледи.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Учурда адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) техникалык жетекчиси Мария Ван Керхове билдирди. Анын сүйлөгөнү Twitter тармагына жүктөлдү.
"Учурда биз пандемиянын оор мезгилин баштан кечирип турабыз. Эпидемиялык сызык өйдө көтөрүлүп баратат. Жети жумадан бери COVID-19дун өскөнү байкалууда. Өткөн жуманын ичинде 4,4 миллиондон ашык адамда оору аныкталган. Бул биз көздөгөн багыт эмес, ошондуктан ага олуттуу карашыбыз керек", — деген Керхове.Ошол эле учурда ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус инфекциясын жуктургандар жети жумадан бери, андан көз жумгандар төрт аптадан бери көбөйүп жатканын айткан. Ушул жылдын январь жана февраль айларында оорулуулар азайып калганын белгилеген.
Акыркы антирекорд Индияда коюлганын, сутка ичинде 170 миң кишиден вирус чыкканын айткан.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө 136 миллиондон ашуун кишиден вирус чыгып, 2,9 миллион адам көз жумду. Оору көп аныкталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Индия жана Бразилия турат.